Участник:TSI Sumaia/Черновик: различия между версиями
Перенос статьи с быстрого удаления Метка: отменено |
оставлено согласно Википедия:К удалению/1 января 2024#Участник:TSI Sumaia/Черновик (oneclickkeep.js) Метка: ручная отмена |
||
Строка 1: | Строка 1: | ||
<noinclude>{{К удалению|2024-01-01}}</noinclude> |
|||
== Шайтандын кайгысы == |
== Шайтандын кайгысы == |
||
"Шайтандын кайгысы"([[Английский язык|англ.]] ''The Sorrows of Satan)''- Англис жазуучусу [[Корелли, Мария|Мария Корелли]] жазган мистикалык китеп. 1895-жылы басылып чыккан. Китепте бийлик жана [[шайтан]] менен келишим түзүү темасы кеңири каралган. Шайтандын өзү такыр башка тараптан ачылып, анын башында периште болгонун көрсөтүүдө. |
"Шайтандын кайгысы"([[Английский язык|англ.]] ''The Sorrows of Satan)''- Англис жазуучусу [[Корелли, Мария|Мария Корелли]] жазган мистикалык китеп. 1895-жылы басылып чыккан. Китепте бийлик жана [[шайтан]] менен келишим түзүү темасы кеңири каралган. Шайтандын өзү такыр башка тараптан ачылып, анын башында периште болгонун көрсөтүүдө. |
Текущая версия от 09:15, 1 января 2024
Шайтандын кайгысы
[править | править код]"Шайтандын кайгысы"(англ. The Sorrows of Satan)- Англис жазуучусу Мария Корелли жазган мистикалык китеп. 1895-жылы басылып чыккан. Китепте бийлик жана шайтан менен келишим түзүү темасы кеңири каралган. Шайтандын өзү такыр башка тараптан ачылып, анын башында периште болгонун көрсөтүүдө.
Мария Корелли. Скорбь Сатаны = the sorrow of the satan (неопр.) / Пер. С англ. Е. Кохно. — 1895. — 480 с.
Эң кызыгы, китеп башында Брэм Стокер деген жазуучунун атынан орусча басылып чыккан. Стокердин да сенсациялуу китеби "Дракула" Кореллинин атынан жарык көргөн. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бул одоно ката оңдолду.
Сюжет
[править | править код]Китеп жаш, бирок кедей жазуучу Жеффри Темпесттин окуясын баяндайт. Ал таланттуу жазуучу болгон, бирок ал начар жашагандыктан, анын чыгармаларын бир дагы басылма чыгарган эмес. Ийгиликтүү жазуучу болууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес, ошондуктан ал үмүтсүз абалда калган. Бирок, кара күндөрдүн биринде ага Шайтан өзү келет – Лючио Риманец ага анын тууганынан калган байлыкты берет. Ошентип, Лючио менен Джеффри эң жакшы дос болуп көп убакыт өткөрүшөт. Башкы каарман акыры жогорку коом дүйнөсүнө киришип, мурда монастырда окуган Англиядан келген укмуштуудай сулуу кызга үйлөнөт.
Бирок, каарман адабий таанылбайт, анткени Жеффридей байлыгы жок экенине карабастан, коомчулукту багынткан жаңы жазуучу пайда болот. Бир аз убакыт өткөндөн кийин башкы каарман жогорку коом – баары бири-бирине кошомат кылууга көнүп калган, ар кимиси боорукердиктин маскасын кийип, ичине чириген нерселердин баарын жашырып, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк бербеген стереотиптик дүйнө экенин түшүнөт. Бирок Жеффри деле алардай болуп калганын буга чейин сезбей, эми гана эсине келет...